Бишкекте эртең, 17-октябрда Акыйкатчы институту “Кыргыз Республикасында майып адамдардын абалы” аттуу атайын баяндаманын долбоорун талкуулоо боюнча Жогорку Кеңеште тегерек стол өткөрөт. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Тегерек столго ЖКнын вице-спикери Б.Мамырова, депутаттар Д.Бекешев, Н.В.Никитенко, Д.А.Ниязалиева, фракция мүчөлөрү, акыйкатчы Б.Аманбаев, КРнын Социалдык өнүктүрүү министри К.Базарбаев, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти К.Мамбетакунов, “Жаш майыптар кыймылынын” төрагасы М.Асанкариев жана башкалар катышат. Бул долбоор атайын баяндама талкуудан кийин ЖКга сунушталмакчы.