Чет жакка кеткен эмгек мигранттарынын 80 пайызы айыл жергесинин тургундары

Эмгек мигранттары болуп чет өлкөгө кеткендердин 80 пайызы айыл жергесинин тургундары. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG порталына саясий серепчи Игорь Шестаков билдирди.

“Акыркы изилдөөлөрдүн негизине ылайык, чет өлкөгө кеткен эмгек мигранттарынын 80 пайызы айыл жергелеринен болушат. Себеби биздин өлкөдө айыл чарба тармагы өнүккөн эмес”,- дейт И.Шестаков.

“Учурда Бажы биримдигине кирүүгө бир катар аракеттер көрүлүүдө, бул жаңы жумуш ордуларынын пайда болушуна мүмкүнчүлүк берет. Менимче, бул кадам менен биз көптөгөн жарандарыбызды өз өлкөбүздө жумуш орундары менен камсыздай алабыз”,- деп кошумчалайт серепчи.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
azema9
2014-10-16 16:44:05
баягы эле дежур создор бажы биримдигине кошулса деле ушул койгой айыл жеринде эч кандай жылуу болбойт кыргызстанга келген гранттар пайдалуу иштерге жумсалса тузук чондордун чонтогуно кирип кетип жатпайбы ошонун элуу процентти деле карапайым калкка жетмек кичи ишканалар ачып ошого керектуу адистерди даярдап жаштардын арасында угут иштерин жургузсо болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан