Бишкекте 16-октябрга карата доллардын курсу орточо көрсөткүч менен 55 сомдон ашты. Учурда сатып алуу 55 сом 20 тыйынды түзсө, сатуу 55 сом 40 тыйынды көрсөтүп жатат. 1 күн мурунку орточо көрсөткүч 54,90 (сатып алуу) жана 55,30 сом (сатуу) болчу.
Кошумчалай кетсек, 5-октябрдан бери доллардын сатып алуу жана сатуудагы наркы 90 тыйынга көтөрүлдү. 10 күн мурун шаар ичинде орточо көрсөткүч 54,30 сомду (сатып алуу) жана 54,50 сомду (сатуу) түзгөн.