"Биздин балдарыбыздын максаты мектепти аяктаган соң эле Орусияга кетип, акча табуу болуп калды". Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда эмгек миграциясынын айланасындагы көйгөйлөрдү чечүүгө арналган тегерек столдо ЖКнын депутаты Мирлан Бакиров билдирди.
“Биздин балдарыбыздын психологиясы такыр өзгөрүлдү, алар мектепти аяктаары менен эч кандай кесипке ээ болбостон акча табууга киришүүдө. Учурда башка өлкөлөрдө эмгектенген мигранттардын саны 1 миллиондон ашык”,- дейт М.Бакиров.
Ал эми саясий серепчи Игорь Шестаковдун пикири боюнча, жаштар өз мекенинде калууга кызыкдар эмес.
“Ысык-Көлдө мектеп окуучуларынын арасында жүргүзүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыгында алардын басымдуу бөлүгү чет жакка кетүүнү самашары маалым болгон. Ага негизги себеп катары өз аймагында жан багууга жетерлик каражат таба алышпасын айтышкан. Анын үстүнө бул нерсеге чет жакка кеткен тууган, тааныш-билиштеринин көп акча таап, жашоо-турмуштарын оңоп жаткандары себеп болууда”,- дейт серепчи.
Ошондой эле эмгек миграциясынын айланасындагы көйгөйлөрдү талкуулоого арналган тегерек столдун ишине бир катар саясий серепчилер, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.