Бишкекте эртең, 17-октябрда Советтер Союзунун
Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер
лицейинде кадеттердин салтанаттуу ант
берүү аземи өтөт. Бул
тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев катышмакчы. Иш-чаранын
жүрүшүндө аскер лицейинин казармалык-турак жай фондунун, башка объекттеринин
кышка даярдыгын текшерип чыгуу да каралган.