“Бир жылга берилүүчү патенттин баасы мурун 250 долларды түзсө, эми 120 доллар болот. Орусиянын "Паспорт-виза сервис" федералдык ишканасы бир гана патенттерди бербестен, бир жылдык медициналык камсыздандырууну да бермекчи. Анын баасы болгону 1500 рубль. Натыйжада эмгек мигранттары медициналык кызматты бир жыл бою бекер колдоно алышат”,- дейт Б.Эркинбаев.
Мындан ары мигранттар филиалга келип, тиешелүү документтерди тапшырган соң 10 күндүн ичинде биометрикалык карточка алышат.