Нарын дайрасында алгачкы ГЭСтин плотина жумушу башталды

2012-жылы Нарын районунун аймагында ГЭС каскаддарын биргелешип куруу боюнча Кыргызстан-Орусиянын келишимине ылайык, Ак-Булуң, Нарын-1, Нарын-2, Нарын-3 гидроэлектростанцияларын куруу макулдашылган. Андан соң энергетиктердин чакан шаарчасы салынып, ГЭСтердин плотиналарын куруу боюнча алдын ала жумуштар толугу менен аяктаган. Бүгүн, 16-октябрда Нарын дайрасына алгачкы плотина куруу жумуштары расмий башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ага “Русгидронун” төрагасы Евгений Доть, КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль катышты. Евгений Доть атайын сигналдык ракетаны асманга атып белги берген соң Нарын дайрасынын эки гидроагрегаты курулуучу аймакта алгачкы эки жардыруу болду. Ошентип, Нарын-1 ГЭСинин толук кандуу жумуштары расмий башталды. 6 жыл аралыгында бүтө турган бул 4 гидрокаскаддын кубаттуулугу 1 жылда 942,4 миллион кВт-саат электр энергиясын иштеп чыгарары болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан