Министр Мелис Турганбаев иш сапары менен өлкөнүн түштүгүндө жүрөт

Бүгүн, 16-октябрда ички иштер министри Мелис Турганбаев иш сапары менен Кыргызстандын түштүгүнө барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, түштүктөгү облустардын Ички иштер башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө текшерүү жүргүзүү пландалган. Мелис Турганбаев милициянын оперативдүү-кызматтык ишмердүүлүк уюмунда болуп,  алардын материалдык жана техникалык жактан камсыздандырылганы менен таанышмакчы. 

Түштүк аймактар боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө министр коомдук коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүүнү камсыздоо маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Manasasman
2014-10-16 20:08:06
Алатурганын алып алмаштара турганнын коркутуп кобурок бергиле деп чучук казы картага тойуп жургон тура. Андан башка кыйратканы барды дейсин.
+5
basyz-kaman.
2014-10-16 20:27:32
Кыргыз милициясынын тарыхында өзүнүн ишин так билген, милиция үчүн күйгөн, кылмыштуулука чын дили менен каршы күрөшкөн биринчи министр Молдомуса Конгантиев болгон болсо, экинчиси Мелис Турганбаев Иштериңизге ийгилик каалайм Мелис байке!!
-5
kaytmas
2014-10-17 01:37:21
basyz-kaman., Чыныбек Алиев,Уран Алиев деген полковниктер иштеп откон бир убактарда ошолор чыныгы милиция болгон,тилеке каршы экоо тен заказной мн кетти,жайлары жайлуу болсун.
+3
Ariet7
2014-10-17 03:17:16
kaytmas, качан тагыраак айтып коесузбу мумкун болсо
+1
kaytmas
2014-10-17 08:57:04
Ariet7, 2003-2006тин аралыгында экоо тен уже министр болойун деп калган болчу кучтуу начальниктер эле, катардагы сержанттарды да сыйлашчу.
+1
bakaika
2014-10-17 08:11:58
Экс мэр Мелис Мырзакматов не кылып журот? Маалымат берип койсонуздар.
+4
uran001
2014-10-17 10:13:32
Мелис байке Ошто эки "чон"милиция мушташыптыр деп жатышатго ошол чын экенби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан