Кербен шаарында жаңы фельдшердик-амбулатордук пункт курулду

Аксы районунун борбору Кербен шаарында жаңы фельдшердик-амбулатордук пункт курулду. Аксы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун "Жетиген" фельдшердик-амбулатордук пункту буга чейин мектептердин биринин имаратын пайдаланып жүрүшкөнү айтылды. "ФАПтын курулуш иштери толук бүтүп, ишке берилүү алдында турат. 5 бөлмөдөн турган мекеме керектүү жабдуулар менен толук жабдылды. Курулуш иштерине 1 миллион 201 миң сом жумшалды",- деп билдирет Аксы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Расул Бөрүкулов.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан