Ысык-Көл облусунун аймагында көмүр сатуучу 81 түйүн иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, көмүрдүн 1 тоннасынын баасы чыккан жерине карата 2800 сомдон 5500 сомго чейин болсо, Кара-Кече, Беш-Сарыныкы 2800 сомдон 5000 сомго чейин, ал эми Шабыркүл, Кара-Жыранын көмүрү 4500-5500 сомдон сатылып жатканы маалым.
Электр энергиясын колдонууга 30 пайыз чектөө киргизилгендигин эске алганда, калктын көмүргө болгон муктаждыгы 98 560 тоннаны түзүүдө.