Кыргызстандын муфтийи Уфадагы VII Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда

КРнын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана анын жардамчысы Улан Ибраев Уфа шаарында өтүп жаткан VII Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, “XXI кылым билим мейкиндигиндеги исламдын баалуулуктары жана идеалдары” аттуу VII эл аралык илимий-практикалык конференция 16-17-октябрь күндөрү Орусия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын борбору Уфа шаарында өтүүдө. Анын алкагында XXI кылымдагы исламдагы билим берүү тармагы, дүйнөлүк көз караштагы диний толеранттуулуктун принциптери, исламдын баалуулуктары жаатындагы бир катар маселелер талкууланмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан