Бишкекте 17-октябрга карата доллардын курсу орточо көрсөткүч менен 55 сом 30 тыйынды түзүүдө. Шаар ичинде сатып алуу 55 сом 30 тыйын болсо, сатуу 55 сом 45 тыйынга чыкты. 16-октябрга карата көрсөткүчкө салыштырмалуу доллар 1 күн ичинде дээрлик 5-10 тыйынга кымбаттады.
Кошумчалай кетсек, 5-октябрдан бери доллардын сатып алуу жана сатуудагы наркы 1 сомго көтөрүлдү. 10 күн мурун шаар ичинде орточо көрсөткүч 54,30 сомду (сатып алуу) жана 54,50 сомду (сатуу) түзгөн.