Учурда ооруканада жаткан сиам эгиздери Зита менен Гитаны өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев өз камкордугуна алат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, эгиз кыздардын бири Зита бир жарым жылдан бери Улуттук госпиталдын ириң-хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Бүгүн эгиздердин абалын билүү максатында КРнын Президентинин аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн кызматкерлери ооруканага барып, Алмазбек Атамбаев эгиз кыздарды камкордугуна алып, аларды колдоорун айтышты.
Алар өз сөзүндө өлкө башчысы Зита менен Гитанын эркине жана алардын жашоого болгон умтулуусуна баа бергенин айткан. Ошондой эле Зитанын мындан аркы дарылануусуна, Гитанын Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде окуусуна колдоо көрсөтөрүн айткан.
Учурда Зита оор операцияга муктаж, себеби акыркы 2 жылдан бери анын абалы начарлап келүүдө.
Эске салсак, Зита менен Гита дүйнөдөгү ийгиликтүү ажыратылган биринчи сиам эгиздери. Аларга оор операция 2006-жылы Орусиядагы мыкты адистер тарабынан жасалган.