ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата университеттин өнүгүшүнө салым кошкон жана көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн университетте эмгектенген жана ардактуу эс алуудагы КРнын Эл сүрөтчүлөрү, Эл артисттери, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө, саламаттыкты сактоосуна эмгек сиңирген кызматкерлер, илимдин докторлору, профессорлор, илимдин кандидаттары, доценттер, окутуучу-кызматкерлер “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” жана “ОшМУнун ардактуу ардагерлери” төш белгилери менен сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.