20-октябрда Бишкекте биометрикалык маалыматтарды массалык чогултуу башталат

20-октябрда Бишкекте биометрикалык маалыматтарды массалык чогултуу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда КРнын Каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 50 стационардык түйүн ачылмакчы. Алар Калкты тейлөө борборлору, Кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин жана Транспорт жана айдоочуларды каттоо департаментинин бөлүмдөрү, орто мектептер, КМКТАУ (КГУСТА), Раззаков атындагы КМТУ, Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети, КЭУ, Туризм академиясы жана Чүй университетинде жайгашат. 
Айта кетсек, жаран биометрикалык каттоодон өтүш үчүн жанында паспорт (ID карта, жалпы жарандык паспорт, 1974-жылкы жана 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт) болуш керек. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан