Бүгүн, 17-октябрда
"Республика" фракциясынын жыйынында КРнын Энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу
Кубанычбек Турдубаев энергетика тармагындагы кризис боюнча
сүйлөп жатып суу тартыш көйгөйүн "Кыргызгидромет" кызматынын моюнуна тагууга аракет жасады. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 7-апрелинде "Кыргызгидромет" кызматы өлкөдөгү суу сактагычтарда жана дарыяларда апрель-сентябрь айларынын аралыгындагы суунун көлөмү боюнча божомолдорду чыгарган. "Бул божомолдор 100 пайызга туура чыккан. Бул тууралуу маалымат бардык тиешелүү мекемелерге таратылган жана ММКлар аркылуу жарыяланган",- деп түшүндүрөт министрлик.
"Суу тартыштыгы туура эмес гидрологиялык божомолдордон улам чыгышы мүмкүн эмес. Бул маселе суу ресурстарын так жана сапаттуу башкаруудан көз каранды",- деп билдирет министрлик.