Кыргызстанда өндүрүлгөн ундун 1-2 пайызы гана байытылат

Кыргызстанда чыгып, элге тараган ундун 1-2 пайызы гана байтылат, ал эми ченем боюнча 40 пайызга чейин байытылышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда “Унду байытуу” программасынын айланасындагы маселелерди талкуулоо жыйынында SUPER.KG порталына Азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков билдирди.

“Элдин ден соолугун чыңдоо үчүн мамлекет сөзсүз түрдө байытылган унду колдонууга өтүшү керек. Инсульт, аз кандуулук жана бир катар оорулардын себеби темирдин жетишсиздигинен улам келип чыгууда. Ал эми байытылган ундун курамына В группасындагы витаминдер, темир, цинк жана фолий кычкылтеги да кошулат. Бул кошулмалар ден соолукка оң таасирин тийгизет”,- дейт Ж.Асылбеков.

Анын айтмына караганда, байытылган унду колдонуу инсульт, инфаркт жана жаңы төрөлгөн балдардын жүрөк кемчиликтерин алдын алууга чоң өбөлгө түзөт.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан