Бүгүн, 18-октябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо өтүп жатат. Ректорлук кызматка 15 талапкер ат салышууда. Арасында көрүнүктүү илимпоз-окумуштуулар да бар. Добуш берүүгө окуу жайдын жамааты гана катышат.
Айта кетсек, Кыргыз улуттук университетинин мурунку ректору Искендер Исамидинов 22-июлда ээлеген кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган.
Өткөн жылы Исамидиновго Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бюджеттик каражатты негизсиз пайдаланганы боюнча кылмыш иши козголгонун айтып чыккан болчу.