Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматы шаардагы бир катар көчөлөрдү бир тараптуу кылууну сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта “Бөкөнбаев жана Токтогул көчөлөрүн батышты карай, Москва, Киев көчөлөрүн чыгышка карай бир тараптуу кылуу сунушталууда. Бул жол кырсыктарынын жана тыгындардын азайышына жардам берет. Ошондой эле коопсуздук деңгээли көтөрүлөт” деп жазылат.
Мындан тышкары мэриянын басма сөз кызматы бир катар көчөлөрдү дагы бир тараптуу кылуу пландалып жатканын билдирет.