Ош шаарында өткөн “Китеп камкордугу” аталыштагы акцияда 17 миңден ашуун китеп чогулду

Ош шаарында Шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Китеп камкордугу” аталыштагы акцияда 17 миңден ашуун китеп жыйналды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда аталган башкармалыктын жетекчиси Куштарбек Кимсанов билдирди. Анын айтымында, акциянын негизги максаты - мектептердеги окуу китептеринин санын көбөйтүү. Иш-чаранын алкагында Билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерге 5012 даана окуу китептери чогултулуп, мындан сырткары 6777 килограмм макулатурага жарактуу кагаздар жыйналган. Ошондой эле акцияга активдүү катышкан мектеп жамааттары жана ата-энелер үчүн атайын белектер тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан