“Бул оор жүк ташуучу унааларда жүктөлгөн көмүрдүн салмагы нормадан 10-15 тоннадан ашыкча болууда. Айдоочулар биринчи Кара-Кечедеги текшерүүчү жайдан баш бербей өтүп кетишкен. Алар бул көмүрдү Балыкчыга чейин эле алып барып, андан ары темир жол менен Бишкекке жөнөтөбүз дешкен. Бирок, чынында, алар нормадан ашык жүктөлгөн көмүрдү түз Бишкекке алып кетүүгө камданышкан. Алардын бул кадамы эки ирет каттоодон баш тартып жатканын айтып турат”,- дейт Н.Шаршеналиев.
Анын айтымында, айдоочулар буга чейин нормадан ашкан көмүрдү түшүрүп, Бишкекке барып таштап келишчү. Ошол эле күнү калган көмүрдү алып кетиш үчүн кайра кайтып келишчү. Учурда айдоочулар унааларын жолдун четине токтотуп коюп, мамлекет тарабынан оор жүк ташуучу унаалардан алып-ташуудагы салмакка коюлган чектөөнү алып салууну күтүшүүдө.