Бишкектеги Токтогул көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жашылдандыруу иштери да жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Гоголь көчөсүнөн тарта Жаш Гвардия бульварына чейинки аралыкта күз аяктаганча жалпысынан 250 түп дарак отургузулат. Учурда бактар Шопоков жана Байтик баатыр көчөлөрүндө отургузулуп жатат.