Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат

Эртең, 21-октябрда суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү таза суу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек суу-канал" башкармалыгына шилтеме берүү менен мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 19:00гө чейин темир жолу өткөн Фучик, М.Фрунзе жана Москва көчөлөрүндө, Бишкек мэриясы, Улуттук банк, «Кыял» ЖЧКсы, «Ош базары», «Берекет» ЖАКы, «Берекет-Гранд» соода комплекси, «Берекет-Универсал», «Арпа» ААКы, №2-төрөт үйү, «Кондитердик комбинат» АК, №8, 72, 164, 165-бала бакчаларда, К.Акиев көчөсүндөгү №51-бала бакча, Балдарды коргоо борбору, Илимдер академиясы, №9, 13, 31, 8, 2-мектептерде суу өчөт.
Ошондой эле Бишкек финансы-экономикалык академиясында, Кыргызстан Эл аралык университетинде, Бишкек троллейбустук башкармалыгы, №1-оорукана, №4-аскердик бөлүк, Өрткө каршы күрөшүү кызматы, Ленин райондук администрациясы, Көзү азиздерди окутуучу ишкана, Бишкек эт-консерва комбинаты, Бишкек ун комбинаты, Батыш РЭС, Республикалык радиотелеборбор, №1-жогорку медициналык окуу жай, Ленин райондук соту, №100-лицей, Башкы архитектура, Мамлекеттик тил комиссиясында ичүүчү сууга чектөө киргизилет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан