“Оору жуктургандар 2013-жылга салыштырмалуу 1,2 пайызга өскөнү байкалууда. Дартка чалдыккандардын 61 пайызы баңгизат колдонгондор, калгандары жыныстык жол менен, энеден балага жана медициналык каражаттардан жуктуруп алгандар”,- дейт Ү.Чокморова.
Анын айтымында, жалпы оорулуулардын 30 пайызы Чүй облусунда, 20 пайызы Ош облусунда, 17 пайызы Баткен облусунда, 15 пайызы Жалал-Абадда, 15 пайызы Бишкек шаарында катталган. Ал эми калгандары Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын өкүлдөрү болуп чыгышкан. “Акыркы жылдан бери ийне аркылуу ВИЧ жугузгандардын саны азайып, жыныстык жол менен жуктургандардын саны өсүүдө. Буга акыркы жылдар ичинде ишке киргизилген "Метадон" программасы жана жаңы ийнелерди таратуучу жайлардын ачылышы себеп болууда”,- деп кошумчалайт Ү.Чокморова.
Илдетти алып жүргөндөрдүн ичинен 300гө жакынын балдар түзөт. Акыркы жылдар ичинде өз ыктыяры менен анализ тапшыргандардын саны өсүүдө. Текшерүүгө келбей жүргөндөрдү да эсептесе, ВИЧ жуктургандардын саны бир кыйла көп.
Эске салсак, Кыргызстанда ВИЧке чалдыккан адам алгач 1996-жылы аныкталган.