Маалым болгондой, Токтогул Сатылгановдун 150, Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата чыгарылган жаңы акчалардын актай тилкесине “Токтогулга 150 жыл” жана “Алыкул Осмоновго 100 жыл” деп жазылып, алтын түстө акындардын элестери түшүрүлгөн. Ошондой эле улуттук оймо-чиймелер тартылган.
Кыргыз валютасындагы 100 сомдук акчада Токтогул Сатылгановдун, 200 сомдукта Алыкул Осмоновдун сүрөтү бар.