Ош. Шаарды таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштар менен мэриянын өкүлдөрү таанышып чыгышты

Ош шаарын таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан жумуштар менен вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулу жана аталган долбоордун жетекчилери жакындан таанышып кайтышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 20-октябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул сапарда курулуш иштери болуп жаткан райондун тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, “Плотина” суу тосмосун, Озгур айылындагы “Озгур” суу тазалоочу бекеттин, иштеп жаткан жана Кирпичный кичи районунда курулуп жаткан жаңы, көлөмү 6 миң метр куб резервуарлардын, “Озгур” суу тазалоочу бекетиндеги хлоратордук станциянын кайрадан куруу иштери менен таанышышты.

Долбоорду жетектөө боюнча башкы эксперт-консультант Анвар Атабаевдин айтымында, аталган долбоордун жумуштарынын соңунда шаарды суу менен камсыз кылуу жакшырып, Ак-Тилек, Керме-Тоо, Сулайман-Тоо жана Жапалак кичи райондорунда суу үзгүлтүккө учурабайт. Ак-Буура, Достук, Курманжан датка кичи райондорунда суунун тазалыгы жогорулайт жана шаардын калган райондорунда жаандан кийин таза суу менен камсыз кылуу жакшырат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан