Бүгүн, 20-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери коомчулукка, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылуу жасашты. "Айрым массалык-маалымат каражаттарында жарык көргөн КРнын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков менен Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Марат Орозбаевдин өз ара мушташкандыгы тууралуу жалган маалыматтардан улам жалпы элге кайрылууга аргасыз болуп жатабыз. Анткени айрым саясатчылардын жалган, ушак маалыматтарына таянып коомчулук алдында билдирүүлөрү биздин ар бир оперативдүү кызматкерибиздин намысына доо кетирип, кызматтык ишмердүүлүгүбүзгө терс таасирин тийгизүүдө" деп жазылат кайрылууда.
Ошону менен катар "ИИМдин Ош шаары жана Ош облусунун кылмыш иликтөө бөлүмү өздөрүнүн кесиптик майрамын акыркы жылдары жергебизде коомдук-саясий кардаалга байланыштуу белгилебей келген. Быйылкы коомдогу орногон стабилдүүлүк, тынчтык оперативдүү кызматкерлердин 6-октябрда кесиптик майрамын белгилөөгө кылмыш иликтөө кызматынын ардагерлери келип катышкан болчу. Ушундай шартта кантип эле милициянын эки жетекчиси урушуп калсын? Мындай жалган маалыматты тараткандар Сүйүн Өмүрзаковдун жеке кадыр-баркына доо кетирип, эл алдында кара пиар жасоо менен терс маанай жаратууну көздөгөнү анык" деп кошумчаланат кайрылууда.
Эске салсак, буга чейин КРнын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков менен Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Марат Орозбаевдин өз ара мушташкандыгы тууралуу маалымат тарап, бирок
алар бул маалыматты четке кагышкан.