Өткөн аптада Канаданын
Онтарио провинциясынын Жогорку Соту Кыргызстандын "Центерра Голд" компаниясындагы 77 миллион акциясынын 47 миллионуна (жалпы акциясынын 60 пайызы) арест койгону маалым болгон.
Бул боюнча 20-октябрда өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан тоо-кенчилер ассоциациясынын жетекчиси
Орозбек Дүйшеев: "Жеке компания өкмөттүн чечимдерине жооп бербейт, ошондуктан "Кыргыз алтындын" акцияларынын арест болушу мыйзамсыз",- деп билдирди
.Анын айтымында, "Кыргыз алтын" ишканасы Онтарио сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн доо арыз жөнөтөт. "Куттуу-Сай кениндеги маселе да чечиле элек. Тоо-кен тармагында бирдиктүү саясат жок болгондуктан, өкмөт маселени чече албай келет",- деди ал. Ошондой эле бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн тармакка тиешелүү адистерге кайрылуу керектигин кошумчалады.