Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Сүйүнбаев көчөсүндө жайгашкан №2, 3, 4-көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда «Шаарга жашоо тартуулайбыз!» долбоорунун алкагында балдар аянтчасы ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада Свердлов районунун администрациясынын башчысынын орун басары Чынара Борбашева балдарды куттуктап, "аянтчада бактылуу балалык күндөрү өтсүн" деген тилегин айтты.
Мэрия белгилегендей, ушул жылдын аягына чейин борбордогу 4 районго 20 балдар аянтчасын куруу пландалууда. Учурда 11 аянтча курулду.