Өз денесине зыян келтирүү менен Орусиянын саясатына, коомдогу окуяларына карата нааразылыгын билдирип келген петербургддук сүрөтчү Пётр Павленский бул жолу кулагынын асты жагын кесип салды.
Ал бүт кийимин чечип, Сербский атындагы Социалдык жана соттук психиатрия илимий борборунун чатырына чыгып кулагын кесип жатканын онго жакын адам карап турган. Кансыраган сүрөтчүнү полиция кызматкерлери ооруканага жеткиришкен. Бул тууралуу 19-октябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жыл башында Павленский досу менен Украинадагы Майданды колдоп, Петербургда акция өткөрүшкөн. Ошондой эле ал өткөн жылы Кызыл аянтка жылаңач чыгып, жыныс мүчөсүн жерге кагып салган. Мындан сырткары тикенектүү темир торго дагы жылаңач жатып, оозун тигип коомдук кырдаалга көз карашын билдирген. Ал жогорудагы аракеттери менен орус эли учурдагы абалына өзү күнөөлүү экенин жарыялап келет.