Бишкекте бензин арзандоодо

Бишкекте өткөн аптага салыштырмалуу бензиндин баасы бир аз арзандады. Мурунку аптада борбор шаарда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 49 сом 90 тыйын болсо, учурда 49 сом 30 тыйындан сатылууда (60 тыйынга арзандады). АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин литри 40 сом 90 тыйындан (бир апта мурун 41 сом 90 тыйын болчу), АИ-95 51 сом 80 тыйындан (бир апта мурун 53 сом 20 тыйын болчу) сатылып жатат. АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин баасы учурда 55 сом 40 тыйын (өзгөрүүсүз). Ал эми дизель майынын баасы 43 - 43,50 сом болууда (30-50 тыйынга арзан). Айта кетсек, айрым май куюучу жайларда баалар өзгөрүүсүз калууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bai.kymbat
2014-10-20 17:29:08
жакшы кабар!
+1
shutUP
2014-10-20 17:34:54
Муну арзандоо дебейт, муну - элди алдоо дейт
0
Jigito
2014-10-20 17:38:54
Дагы арзандатсын ал отбойт элдин козуно
-1
AzaNiga
2014-10-20 17:49:04
Ошто качан арзандайт экеееееен эл журт
+2
Jigito
2014-10-20 18:13:03
AzaNiga, ошко Мелис дагы мер болуп барса арзандайт
+1
Akshumkar
2014-10-20 17:54:32
арзандаса экен эми элди кыйнбай
+1
aidai88
2014-10-21 09:56:39
30сом болуп калганго деп кирсем, 30тыйнга арзандаганго бул корунуш арзандаган болуп эсептелбейт айланайын бийлик окулдору,карапайымды туп кылып аласынарда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан