Ош шаарында 23-27-октябрь аралыгында "Ош-2014" жеңил өнөр жай тармагынын продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган иш-чарага Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынан 30дан ашуун фирмалардын жетекчилери жана жеке ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө. Көргөзмө-жарманке Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында орун алмакчы. Иш-чара Ош шаардык мэрия жана КРнын жеңил өнөр жай ишканаларынын "Легпром" ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.