Эртең Бишкекте бош жумуш орундар жарманкеси өтөт

Эртең, 22-октябрда Бишкекте Ишке орноштуруу шаардык башкармалыгынын башкы кеңсесинде бош жумуш орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дө башталат. Ага бардык категориялардагы жарандар катыша алат. Жарманкеге 20дан ашуун белгилүү уюмдар жана ишканалар чакырылган. Алардын арасында "Народный" дүкөндөр тармагы, "Берекет" ишканасы, "Домино" жана "Бегемот" тез тамак-аш берүү кызматы жана башкалар.

Ишке орноштуруу шаардык башкармалыгынын башкы кеңсеси Токтогул көчөсү-237 дарегинде жайгашкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан