Бишкекте милициянын түптөлгөнүнүн 90 жылдык мааракесине арналган илимий конференция өтүүдө

Бишкекте бүгүн, 21-октябрда “Кыргызстандын милициясынын тарыхы жана бүгүнкү абалы” деген аталышта кыргыз милициясынын 90 жылдыгына арналган илимий конференция өтүүдө. 

Иш-чаранын жүрүшүнө ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев, ИИМге тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, ЖКнын депутаттары, өкмөттүн жана президенттин аппаратынын өкүлдөрү, Түркия, Кытай өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы элчилери катышууда. 

"Бүгүнкү илимий-практикалык конференция милициянын түптөлгөнүнүн 90 жылдык мааракесине байланыштуу. Ички иштер органы эл ичинде тынчтык орнотуу үчүн чоң салым кошуп келүүдө. Милициянын эң негизги максаты - кылмыштуулук менен күрөшүү. Учурда аны жеңүүгө жана калктын бейпилдигин орнотуу үчүн бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө”,- дейт Бактыбек Жусубалиев.

Иш-чара КРнын Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан