Бишкекте бүгүн, 21-октябрга карата көрсөткүчтө доллардын курсу 56 сомдон ашты. Сатып алуу учурда 55 сом 60 тыйынды, ал эми сатуу 56 сом 30 тыйынды түзүүдө. Жыл башынан бери "жашыл" акчанын сатып алуу жана сатуудагы наркы 7 сом 90 тыйынга жогорулады. 2013-жылдын октябрь айындагы көрсөткүчү менен азыркы учурдагы көрсөткүчтү салыштырганда, 1 жыл ичинде доллар 8 сомго же болбосо 17 пайызга (орто эсеп менен) кымбаттаган.