21-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 4 миллиард 164 миллион метр кубга азайды

21-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 759 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Былтыр ушул күнгө карата берилген көрсөткүч 15 миллиард 923 миллион метр кубду түзгөн. Суунун көлөмүн былтыркы жыл менен салыштырсак, ал көрсөткүч 4 миллиард 164 миллион метр кубга азайган.

Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 234 метр куб болсо, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 224 метр кубду түзгөн. 

Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 389 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 283 метр кубду түзгөн. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2014-10-21 22:03:37
насос койсо болотко кайра сууну кайтарат жок дегенде 30 куб
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан