Ош. 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча шаарга жалпысынан 1149,4 миллион сом инвестиция тартылды

2014-жылдын алгачкы 9 айынын жыйынтыгы боюнча Ош шаарындагы ички инвестициянын көлөмү 1125,5 миллион сомду, тышкы инвестиция 23,9 миллион сомду түзгөн. Шаарга жалпысынан 1149,4 миллион сом инвестиция тартылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өнөр жай ишканалары тарабынан 1901,2 миллион сомдук продукция өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмүнүн өсүүсүнүн индекси 107,9 пайызды түзөт. Бул убакыт аралыгында айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылуусу 682,3 миллион сомго жеткен. Ал эми курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү ушул жылдын 9 айында 1689,6 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,6 пайызга арткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан