Жалал-Абад. Шаар күнүнө карата уюштурулган үй-бүлөлүк сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жалал-Абад шаарынын 137 жылдыгына карата өтүп жаткан “Биз жашаган дүйнөдө” фестивалынын алкагында “Атам, апам жана мен - спорттук үй-бүлө” спорттук эстафетасы өтүп, ага ар бир аймактык башкаруудан үй-бүлөлөр катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Эстафетада ар кандай спорттун түрлөрү боюнча үй-бүлө мүчөлөрү күч сынашып, калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Т.Тайгараев аймактык башкаруусунун тургундары болгон Абдуллаевдин үй-бүлөсү жеңсе, 2-орунду Спутник аймактык башкармалыгындагы Мадоморовдун үй-бүлөсү ээледи. Ал эми 3-орунду кайра эле Т.Тайгараев аймактык башкаруусунан келген Азимбаевдин үй-бүлөсү багынтты. Өзгөчө активдүү деп табылган эң жаш үй-бүлө Достук аймактык башкаруусунан Мамытовдун үй-бүлөсү болду. 
Жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары 23-октябрь - Шаар күнүн белгилөө учурунда шаар бийлиги тарабынан тапшырыларын Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Малика Мустапакулова кабарлады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shairbek
2014-10-21 15:50:01
Тайгараев алга молодцы ,
0
shairbek
2014-10-21 15:53:07
Сабиров кочосуу менен котуштуктар утуптур молодцы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан