“Облус аймагында орун алган ар бир мечитте китеп текчелери орнотулган. Анда муфтият аркылуу өткөн жана анын уруксаты берилген диний адабияттар орун алган. Учурда чоң мечиттердин китепканалары толугу менен диний китептер менен камсыздалган, ал эми кичирээк, жаңы салынган мечиттердеги китеп текчелери толуктала элек. Каражаттын жетишсиздигине байланыштуу калкты кыргыз тилиндеги диний адабият менен камсыз кылууда көйгөйлөр бар”,- дейт Ниязалы ажы Арипов.
Анын айтымында, элге сейрек кездешүүчү китеп жана баракчалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк ала турган, мечиттерге караштуу китепканаларды ачуу зарыл. Ниязалы ажы Арипов буларды кошумчалады: "Мечиттеги китепканалар мечитке келгендер диний адабияттар, агымдар жана динге тиешелүү нерселер тууралуу кененирээк жана толук маалымат алууга багытталган".