Бүгүн, 21-октябрда мэр Салайдин Авазов шаарда курулуп жаткан №4-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын көрүп чыкты.
Маалыматка караганда, жаңы оорукана эскилиги жеткен имаратты алмаштыруу үчүн курулууда. Учурда иштетилип жаткан имараттын курулганына бир топ жыл болуп, жамгырда чатырынан суу өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты 2013-жылдын декабрь айында курулуп баштаган. Имараттын биринчи кабатында 6 бөлмө, экинчи кабатында да 6 бөлмө болуп, жалпысынан 12 бөлмөлүү болду. Ичи заманбап шарттар менен бүткөрүлдү. Суу, жылытуу жана жаңы эмеректер киргизилди. Ноябрь айынын орто ченинде ишке кирип, ачылышы болот",- дейт Курманбек аймактык башкармалыктын жетекчиси Шухрат Бурханов.