Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Каракол шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Каракол ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жыл башынан бери кылмыштарга катыштыгы бар 37 жашы жете элек бала кармалган. Анда 7 кылмышка кесиптик-техникалык окуу жайларынын окуучуларынын катыштыгы бар экени аныкталган. Ошондой эле 3 мектеп окуучусу кайыр сурап жүргөн жерлеринен кармалган.
“Катталган 32 кылмыш ишинин ичинен 22си чоочун адамдардын буюм-тайымдарын уурдоо болсо, калгандары адам тоноо, күч колдонуу, мал уурдоо жана баңгизат менен алектенүү сыяктуу кылмыштар болгон” деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан шаар аймагында 27 071 жашы жете элек өспүрүм бар. Алардын 10 996сы мектеп окуучулары. Ошондой эле шаарда 13 мектеп, 2 кесиптик-техникалык лицей, 5 колледж, 1 техникум, 5 жогорку окуу жайы, 3 балдар үйү таалим-тарбия жана кесипкөйлүккө үйрөтүүдө.