Ош шаарында бала бакчаларга балдарды кабыл алуу электрондук жол менен жүргүзүлө баштайт

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бала бакчаларга балдарды кабыл алуу электрондук жол менен жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.

Анын айтымында, бул аракет балдарды бала бакчаларга кабыл алуудагы адилеттүүлүктү, тактыкты камсыз кылуу максатында жүрүп жатат. Учурда шаарда 2 жаштан 7 жашка чейинки, башкача айтканда, бала бакчага барышы керек болгон балдардын саны 33 миңден ашуун болсо, анын 12 миңге жакыны гана бала бакчаларга барат. "Бул аракетибиздин ишке ашуусу аркылуу "балдарды бакчага кабыл алууда коррупция болушу мүмкүн жана чоңдордун балдары кезек күтпөй кабыл алынат" деген күмөн саноолор четке кагылат. Баары интернеттен кезекти карап, эң акыйкат жол менен балдарын тарбиялоого бере алышат. Ошону менен катар менчик балдар бакчаларына муктаждык көбөйөт",- деди К.Кимсанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан