Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ленин көчөсүнө асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Карл Маркс көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейин, андан ары Токтогул көчөсүнө чейин асфальт төшөлүүдө.
Эске салсак, көчөнү оңдоо иштери 2014-жылдын жаз айларында башталган. Учурда курулуш иштери 80 пайызга бүткөрүлдү.