Бишкек шаарында өткөн аптанын соңунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын ата-энелерине кайдыгер мамиле жасабоого багытталган акция болуп өттү. Алты жылдан бери өткөрүлүп келген акцияга борбор калаанын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Майып балдар ассоциациясынын өкүлдөрү, студенттер катышышты. Бул тууралуу 21-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Унаа айдоону сүйүүчүлөр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ойнотуп, сейил бакка алып келип, аларга унутулгус күн тартуу кылышты.
Өз сөзүндө Айгүл Рыскулова балдардын ата-энелерине ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук каалады. "Мамлекет биринчи кезекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көмөк көрсөтүшү керектигин айтып келем. Анткени силер жардамга муктажсыңар. Баланы тарбиялоодогу, ага билим берүүдөгү кыйынчылыкты билем. Колубуздан келген жардамды берүүгө даярбыз",- деди ал.