Өлкөдө иштеп жаткан 17 камсыздандыруу уюмунун 16сы Бишкекте жайгашкан

2014-жылдын 1-октябрынын көрсөткүчүнө карата Кыргызстанда 17 камсыздандыруу уюму катталган. Алардын ичинен экөө кайра камсыздандыруучу уюмдар. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын камсыздандырууну өнүктүрүү жана топтолуучу пенсиялык фонду бөлүмүнүн башчысы Бурул Кулматова билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө катталган бардык 17 камсыздандыруу уюмунун 16сы Бишкекте жайгашкан, ал эми дагы бири Жалал-Абад шаарында иштейт. “Бүгүнкү күнү топтолуучу пенсиялык системди жөнгө салуу боюнча нормативдик-укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыгууда. Мындан кийин бул долбоорлор өкмөттүн бекитүүсү үчүн тапшырылат”,- деди Кулматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан