2014-жылдын 9 айынын ичинде Кыргызстанда лотереялык иш-аракетти жүргүзүү укугу үчүн бюджетке 2 миллион 761,6 миң сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын башчысы Санжар Муканбетов билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын 1-октябрында лотереялык иш-аракетти жүргүзгөн 14 уюм катталган. “2013-жылы 10 уюм бар болгон. Алардын иш-аракеттеринен 1 миллион 732,2 миң сом түшсө, быйылкы жылдын көрсөткүчү 1 миллион сомго көбүрөөк”,- деди Муканбетов.