Абдималик Бусурманкулов Оштон ижарага жер алуу мүмкүн эместигин айтып, аймактык жетекчилерден аэропорттун менчигине жер бөлүүнү суранды

Оштун Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов "Ош" Эл аралык аэропортуна Кара-Суу районунун аэропортко жакын жайгашкан Нариман айылынан 1 гектар жер бөлүп берүүнү убадалап, бирок ал үчүн ижара акысын төлөшү керектигин айтты. Муну бүгүн, 21-октябрда Ош шаардык мэриясынын жыйындар залында КРнын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди.
Район акиминин сунушуна каршы экенин билдирген "Манас" Эл аралык аэропортунун вице-президенти Абдималик Бусурманкулов: "Эгер биз акимден жерди ижарага ала турган болсок, ал жерге толук ээлик кыла албай калабыз. Аэропорттун да өзүнүн мыйзамы бар, терроризмге каршы туруу боюнча. Алар аткарылбай калышы мүмкүн. Ошондуктан депутаттардан 1 гектар жерди аэропорттун жеке менчигине өткөрүп берүүсүн суранам",- деди.
Ал эми көчмө жыйынга катышып жаткан депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгышарын, жер бөлүп берүү маселесин карашарын айтышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erlandyky
2014-10-21 22:35:58
Эн туура айтыптыр ижара акысын толош керек, карасууда озу жер маселеси оор эн койгойлуу маселе
0
blak.star.kg
2014-10-22 03:11:12
erlandyky, бирок аэропорту эл колдонот да!!аэропорт элдики 1гектар жер жон гана турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан