Бүгүн Бишкекте “акылдуу” эсептегичтерди орнотууга байланыштуу айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 22-октябрда Бишкектин айрым аймактарында “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу жана электр берүү чубалгылары менен көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлөт.

“Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы маалымдагандай, саат 9:00дөн 17:00гө чейин 7-линия, Жунусалиев, 9-линия, Гагарин, Бронированная, Ремесленная, Тираспольская, Новгородская, Камчатская, Сарыкулов, Насыят, Алп-Ордо, Каркыра, Кут, Интергельпо, Абдраев, Сельсовет, Дэн Сяопин көчөлөрүнө “акылдуу” эсептегичтер орнотулмакчы.

Ошондой эле Карл Маркс, Скрябин, Кара-Дарыя, Ахунбаев, Азия, Адыгине, Орто, Жетиген көчөлөрү, Панфилов көчөсүндөгү №146, Фатьянов көчөсүндөгү №3, Огонбаев көчөсүндөгү №222-көп кабаттуу үйлөргө жана Мурас-Ордо, Алтын-Ордо, Эне-Сай конуштарында көмөк чордондорду жана электр чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан