Быйыл өлкө аймагында 58,8 миң гектарга төө буурчак себилген, бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырганда 10 миң гектарга көп

Быйыл өлкө аймагында 58,8 миң гектар жерге төө буурчак себилген, бул 2013-жылга салыштырганда 10,3 миң гектарга көп. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Талас облусу боюнча 54,9 миң гектар же өткөн жылга салыштырганда 8,2 миң гектарга көп себилген. Бул облус боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы аянтынын 60 пайызын төө буурчак ээлеп турат дегенди билдирет.

Төө буурчактын аянтынын көбөйүшүнө 2013-жылдагы сатып алуу баасынын кескин түрдө жогорулаганы себеп болгон. Анда 1 килограмм төө буурчактын баасы 74 сомдон 120 сомго чейин чыгып, ошол жыл маданий өсүмдүктөр үчүн түшүмдүү болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан