Жыл сайын өткөрүлүп келген Таза колдор күнү 13-17-октябрга чейин уланды. Анын алкагында шаардын профилактикалык-дарылоо уюмдары тарабынан оорулардын келип чыгышы тууралуу стенддер илинип, калк арасында маалыматтык-билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлүп, санитардык-агартуучу адабияттар таратылды. Билим берүү уюмдарында, жогорку окуу жайларында жана балдардын адистештирилген үйлөрүндө балдарга колду кантип туура жууш керектиги тууралуу үйрөтүлүп, ЖОЖдордо “Сиздин саламаттыгыңыз сиздин колуңузда” деген темада лекциялар өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду 15-октябрды Дүйнөлүк таза кол күнү деп жарыялаган. Биринчи Таза кол күнү 2008-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын Санитар жылы жарыяланганда кабыл алынган.